Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Баткенде дин кызматкерлери көрктөндүрүү иштерине катышууда


Баткенде дин кызматкерлери көрктөндүрүү иштерине катышууда. Бул тууралуу Баткен районунун имам хатиби Нуридин Мамасабыров “Азаттыка” билдирди.

Анын айтымында өткөн жумада Баткен районундагы үч айылдын имамдары Ош - Баткен - Исфана жолунун жээгин таштандыдан тазалашты.

Иш-чарага 80ге жакын ыктыярчы катышып, чоң жолдун Баткен районуна кире бериши тазаланды.

Райондук казыяттын демилгеси менен Баткен районунун аймагындагы бардык айылдарда дин кызматкерлерине жаз алды менен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин уюштуруп, каналдар менен арыктарды тазалоого элди активдүү катыштырууга көмөктөшүү сунуштары да айтылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG