Москва Армения Орусиядан курал-жарак сатып алуусу үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндө насыя берери бүгүн кабарланды. Орусиянын укуктук-маалымат сайтындагы кабарга караганда, экспорттук насыя он жылдык мөөнөткө берилет. Ага Армения "Смерч" реактивдүү системасын, "Игла-С" зениттик-ракеталык комплексин, чопкутталган аскер машинелерин жана башка курал-жарактарды сатып алышы керек. Келишим талаптарына жараша, Армения сатып алчу курал-жарак наркынын он процентин төлөөгө тийиш, калганы насыя эсебинен жабылат.
Орусия Армения үчүн курал-жарак саткан негизги мамлекет. Өлкөнүн Гюмри шаарына жакын базада Орусиянын үч миңге жакын аскери жайгашкан. Орусия андан тыш Армениянын Түркия менен чек арасына жакын жердеги Эребуни аба базасын да колдонот.