Бүгүн Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тил боюнча сынактан өттү. Анын тил билүү деңгээлин жети адамдан турган комиссия текшерди.
Жыйынтыгында Албек Ибраимов мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билет деген чечим чыкты.
Бишкекте мэр шайлоо 27-февралда өтөт. Ага азырынча бир гана талапкер көрсөтүлдү. Шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын чечими менен бул кызматка кечээ Ибраимов сунушталган болчу. (RK)