Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Журналист Турат Акимовду сабап кетишти


Турат Акимов
Турат Акимов

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору, саясий талдоочу Турат Акимовду белгисиз киши сабап кетти. Бул маалыматты ал “Азаттык” радиосуна бышыктады. Окуя Бишкекте 20-февралга караган түнү болгон. Маалыматка караганда, журналист түнкү саат 12лер чамасында үйгө келип, дарбазадан машинени алып кирейин деген учурда чымыр денелүү бейтааныш жигит кол салган.

- Башыма темир менен урду. Чыпалагым сынды. Бул жөн эле кол салуу эмес, мени өлтүргөнгө аракет кылышты. Муну мен жумушума байланыштуу деп эсептеймин, - деди Акимов.

Ал өзүн коргоп калганын айтып, окуя боюнча милицияга кайрылды. Медициналык жардам алып, азыр үйүндө дарыланууда.

Турат Акимов оппозициялык маанайда макалаларды жазып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG