Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Оштун мэри президентке отчет берди


Алмазбек Атамбаев жана Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын абалын талкуулоодо. 20-февраль, 2016-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын абалын талкуулоодо. 20-февраль, 2016-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алып, калаадагы оош-кыйыштарды талкууланды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, мэр Оштогу жолдордун жана көпүрөнүн курулушу ийгиликтүү жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле быйыл шаарда жылуулук сезону мурдагы жылдарга салыштырмалуу көйгөйсүз аяктап жатканын белгилеп, быйыл шаарда таза суу боюнча жаңыланган система ишке кирерин маалымдады.

Президент да акыркы жылдары Ош шаарындагы маселелер ийгиликтүү чечилип жатканын кошумчалап, бирок тургундарга ыңгайлуу шарттарды жаратууну дагы да жандантуу тапшырмасын берди.

Ош шаарында жылуулук маселесин жана башка инфраструктуралык көйгөйлөрдү жарандык активисттер сындап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG