Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Токтогул: кен казууга келген техниканы эл киргизбей койду


Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылынын жашоочулары аймакта алтын казуу иштерин баштап жаткан “Кассана Минералс” компаниясынын техникасын кен казган жерге киргизбей коюшту. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна кабарлап, ишкана бүгүн бир бульдозер алып келгенин, аны жаалданган эл кенге жолотпой артка кайтарып жибергенин билдиришти. Ушул тапта жашоочулар аймакты көзөмөлдөп, көчөдө турушат.

"Кассана Минералс" ишканасынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок. Район акими Майорбек Сатымкулов бул боюнча тактап, кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Жергиликтүү тургундар эгер кен казуу башталса, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жараларын белгилешүүдө. Өткөн жумада алар менен облустук бийликтин өкүлдөрү жана тийиштүү адистер жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүнө карабай, андан майнап чыккан эмес.

Райондогу алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы “Спектр” компаниясы уруксат алып, кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан.

Кенге уруксат берилген жер 18 гектар жана 69 кг алтын запасы бар. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG