Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Собянин Марат Исаевди сыйлады


Сүрөт Москва мэри Сергей Собяниндин "Твиттердеги" барагынан алынды.
Сүрөт Москва мэри Сергей Собяниндин "Твиттердеги" барагынан алынды.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин бүгүн кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкту эрдик көрсөткөнү үчүн сыйлады.

Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады. Экөө 11-февралда метронун “Красносельская” станциясында талмасы кармап, рельске кулаган аялды жүрүп бараткан поезддин астына кирип, куткарып чыгышкан.

Собянин Твиттердеги баракчасына "Артем менен Марат - чыныгы баатырлар",- деп жазды.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да көрсөткөн эрдиги үчүн Марат Исаевге ыраазычылык билдирип, кол саат жана акчалай сыйлык берген. (SE)

XS
SM
MD
LG