Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Динге үндөгөн ырчылар


Ырчы Омар дин тууралуу ырдап жатат. (Сүрөт ырчынын клибинен алынды)
Ырчы Омар дин тууралуу ырдап жатат. (Сүрөт ырчынын клибинен алынды)

Кыргызстандагы таанымал жаш ырчылардын дээрлик басымдуу бөлүгү намазга жыгылат. Алардын арасынан ислам дини музыкага каршы экенин айтып, сахнаны таштап кеткендер да бар.

Серепчилер мындай көрүнүш ырчылардын романтикалык курактагы убактылуу учуру экенин айтса, айрымдары ислам жайылтуучулар таанымал инсандарды өздөрүнө тартуу менен дааваттын жаңы ыкмасын колдонуп жатат дешет.

Обончу, ырчы Майрамбек Осмонов - шариятка ылайык жашоого өткөн алгачкы ырчылардан. Ал бир убакта ырчылыгынын айынан диний жамааттын талкуусуна кантип түшкөнүн эскерди:

- Алты-жети жыл мурун мени 20-30дай бала мечитке алып кирип ортого салып талкуулашты. Сулуучумак бала имамдан “Бул Майрамбек Осмонов деген динге келген ырчы. Биз ага өнөрүңдү ташта десек укпай жүрөт. Сиз эмне дейсиз?” деди. Ошондо имам кыраакы киши экен: “Бүгүн Майрамбек ырчылыгын, тамадалыгын таштабай жаткан болсо бир күнү аркасынан жаштар өсүп чыгып мезгил, шарт өзү таштатат. Албетте, анын аркасында Кудайдын өкүмү бар. Ушунчалык намаз окуп калганына шүгүр кылгыла, балдар" деди.

Азыр ар кандай чайкоочу пикирлерди күчтөндүрө берип динчилдер деле, саясатчылар деле Кудайды оюнчук кылып алды. Көпчүлүк учурда жөн гана мода үчүн ырдап жүрүшкөндөй болуп калды.
Жыргалбек Касаболотов

Майрамбек Осмонов азыр сахнада ырдайт, тамадалык кылат. Ал өзүн ошол тамадалык ишинин арты менен той-топурда элди динге үгүттөп, ыйманга чакырып, ислам үчүн кызмат кылып жүрөм деп эсептейт. Азыр эми беш убак намазын да окуп, ырын да ырдап жүргөндөрдүн катарын Омар, Арсен, Мирбек өңдүү сүймөнчүктүү далай жаш ырчылар толуктады.

Шоу-бизнес өкүлдөрү менен кызматташып жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров мындай көрүнүштү ырастады:

- Тынчтыкбек Кожобеков: “Журналистер ырчылардан намаз окуйсузбу деп сурай берип азыр алардын токсон пайызы намаз окуп калды”, - деп айтты эле. Мисалы, азыр Омар, Арсен, Мирбектен баштап бардык ырчылар намазга жыгылышат. Болгондо да беш маал. Мирбек Атабеков түндө туруп алып тахаджуд намазын да окуйт экен.

Шарият жолуна биротоло түшүп, ырдабай калгандар да бар. Мындан он жыл мурда шоу-бизнестен кеткен Мухтар Атаналиевдин жолуна кийинчерээк Асел Кыдыкова, Мирлан Ниязов, Ынак Осмоналиев сыяктуу сахна жылдыздары да түштү. Куудул Абды Кадырматовдун айтымында:

- Өнөрүн таштап кеткендер көп эле. Мисалы, Бекчоро. Мыкты ырлары бар эле. Чынында жакшы ырдачу. Өткөндө жолуктум, ырчылыкты такыр эле таштап койгонун айтты. Азыр адал оокат кылайын деп дыйканчылык менен алектенип жатыптыр.

Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков

Бекчоро мусулманчылыкта ырдап-чордоого болбой турганын айтып, бул жаатта “Азаттыкка” пикир айтуудан баш тартты. Бекчородон айырмаланып, Мирбек Атабеков ырдаганды толгон-токой күнөөлөрдүн эң жеңили деп эсептеп, анын үстүнө өнөрүн таштагысы келбей жүрөт. Ал эми беш убак намазга жыгылуу себебин минтип түшүндүрдү:

- Биринчиден, менин чоң апам, чоң аталарым, атамдын бир туугандары баары намаз окушчу. Чоң апам өзү бүбү киши болчу. Ошол себептен уламбы биздин тукумдун кыргызчылыгы бар. Мага кээ бир учурларда ар кандай түштөр кирет, аяндар берилет. Мен кээде анча-мынча тентектик кылсам “туура эмес кылып жатасың” деген эскертүүлөр келет. Ошондуктан мен намаз окууну жан дүйнөм аркылуу сүйүп кабыл алганга мажбур болдум.

Анткен менен Мирбек Атабековдун репертуарында ата-эне, жубай, мекен тууралуу ырлардан тышкары кудайды даңазалаган, динге чакырган ырлар да бар. Мындай ырларды шариятка баш ийдик деген ырчылардын ар биринен укса болот.

Өзбек ажы Чотоновдун айтымына караганда, динди жайылтуу максатын көздөгөн эркек ырчыларга шариятта тыюу жок:

- Эгерде Кудайды мактап ырдаса уруксат. Анткени пайгамбарыбыз акындар бутага түз атат деген. Илгери пайгамбарыбыздын убагында деле акындар болгон. Атургай акындар тууралуу бир сүрөө бар. Эгерде Кудайды, исламды, пайгамбарды, ибадатты мактап ырдаса ага уруксат.

Рух таануу багытында жазылган “Жашыл китептин” автору Абды Сариев “эгер Кудайды мактасаң ырдай бер, мактабасаң ырдаба”- деген өтө эле караңгы түшүнүк экенин айтып, жалпы эле чыгармачыл инсандардын жана жаштардын жан дүйнөсү дайыма кандайдыр бир жаңыланууну издеп турары кадыресе көрүнүш экенин, диний миссионерлер эзелтен мындай психологиялык шартты өз учурунда пайдаланып келгенин кошумчалады:

Жоолук салынган кыздардын мода көргөзмөсү. 23-декабрь, 2014-жыл
Жоолук салынган кыздардын мода көргөзмөсү. 23-декабрь, 2014-жыл

- Жаштардын, айрыкча чыгармачыл, искусство жана маданият тармагында иштеген кийинки муундун ислам динине баш-оту менен кирип кетип, айрымдарынын өз өнөрүн таштап кеткенинин негизги себеби: жаштар, анын ичинде чыгармачыл адамдар кандайдыр бир романтикага, жаңылыкка умтулганга аракет кылышат. Ошол эле учурда Ислам миссионерлеринин өздөрүнүнүн өтө мыкты иштелген ыкмалары бар. Ал - жаштар ичинде турмуштун ак-карасын ылгай элек, динди жакшы окубаган, диндин келип чыгуу тарыхын жакшы билбеген жаштарга, айрыкча ырчыларга, өкмөттүк кызматкерлерге кайрылып, анан акырындап өздөрүнө тарта башташат.

Сариев ар бир адам дин тутуу эркиндигине ээ экенин, бирок көпчүлүк адамдар Кудайды таануу маселесинде аны тааныгандын ордуна динди таанып, анын шарттарына өзгөчө маани берип ийишерин айтты.

Акын жана журналист Жыргалбек Касаболотов таанымал адамдар эл алдында өздөрүн такыба көрсөтөт элек деп, диний ишенимдерге да, маданиятка да жеңил баа мамилени калыптап жатышат деп эсептейт:

- Азыр ар кандай чайкоочу пикирлерди күчтөндүрө берип динчилдер деле, саясатчылар деле Кудайды оюнчук кылып алды. Бул, албетте, туура эмес. Ар бир нерсенин өз орду болот. Анын айтылбай турган жери бар, айтыла турган жери бар. Өзүнүн деңгээлинде ачылса бир жөн. Көпчүлүк учурда жөн гана мода үчүн ырдап жүрүшкөндөй болуп калды.

Адистердин айтымында, ислам динин туткан адамдар арасында беш убак намаз окууга моюн сунган ырчылардын чыгармачылыкка мамилеси бардык жерде бирдей. Ырчылар сахнаны таптакыр таштайт же диний ырларды ырдаганга өтүшөт.

Ырчы Омардын диний ыры

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG