Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Рак оорулуу балдар үчүн кайрымдуулук жармаңкеси өтүүдө


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Баш калаадагы “Бишкек парк” соода борборунда бүгүн рак оорулуу балдар үчүн жармаңке өтүүдө. “Жардамдашуу оңой” фондунун демилгеси менен эки ай сайын уюштурулуп келаткан жармаңкеде таттуу токочтор, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары сатылууда. Түшкөн каражат балдардын дары-дармегине жумшаларын аталган фонддун жетекчиси Динара Аляева “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда акыркы мезгилде рак дартына чалдыккан балдар көбөйүп баратканын адистер айтышууда. 2014-жылы алардын саны 300 чамалуу деп эсептелген. Дарылоочу атайын бөлүмдөр Бишкек жана Ош шаарларында бар.

Жыл сайын дүйнөдө 200 миңге чукул бала ракка чалдыгат. Алардын 5% гана ооруну жеңет. Илдетке чалдыккандардын 80% жакыр өлкөлөрдөгү жеткинчектер. (BCh)

XS
SM
MD
LG