Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

АКШ: Жеб Буш президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады


Жеб Буш
Жеб Буш

Флорида штатынын мурунку губернатору, 1989-1993-жылдары бийликте турган Жорж Герберт Буштун экинчи уулу Жеб Буш мамлекет башчы болуу ниетинен кайтты. Ал Түштүк Каролинадагы ички партиялык добуш берүүдөн кийин ушундай чечим кабыл алганын билдирди.

Ишемби күнү болгон башталгыч баскычтагы шайлоодо 62 жаштагы Буш 8,1 пайыз добуш алды. Ал Республикачылар партиясынан президенттикке эң ылайыктуу талапкер болору айтылып жаткан эле. Бирок башталгыч шайлоолордо ал партиялаштарынан артта калды.

Азыр Республикачылардын ичинен Дональд Трамп алдынкы орунда баратат. Ал Түштүк Флоридада талапкерлерди тандоо боюнча өткөн праймеризде 33 пайыз добуш алды.

Ал эми Демократтар арасында мурунку мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 51 пайыздан көп добуш топтоду.

АКШда быйыл ноябрда өтө турган шайлоонун эки талапкер ортосундагы акыркы баскычы башталганга чейин президенттикке умтулгандар штаттарды аралап, партия ичинен талапкерлик укукка жетүү үчүн атаандашып жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG