Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

ИИМ Турат Акимовдун айткандарын төгүндөдү


Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев
Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев

Ички иштер министрлиги журналист Турат Акимовдун министр Мелис Турганбаевдин дарегине айткан айыптоосу чындыкка дал келбейт деп билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттин айткандары өтө олуттуу айыптоо экенин ырастады.

Журналист Акимов өзүнө кол салууну ички иштер министри Мелис Турганбаев уюштурган болушу мүмкүндүгүн айтып жатат. Ал өткөн айда министр менен жолугушканын, андагы сүйлөшүүнү жазып алганын, абал чыңалса аны интернетке чыгарарын бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Турганбаев менен Акимов 18-февралда жолукканын ырастайт. Кездешүү Акимовдун демилгеси менен уюштурулуп, чет элден келчү бир киши тууралуу сөз болгон. Бирок чет элдик конок келбей калган.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз бирөө кол салган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, Биринчи Май райондук милициясы иликтеп жатат. Журналист болсо ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүнү суранууда. Бул боюнча тергөөнү президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG