Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Кашмирде кармаш уланууда


Индиянын коопсуздук күчтөрү, 21-февраль, 2016-жыл.
Индиянын коопсуздук күчтөрү, 21-февраль, 2016-жыл.

Кашмирде согушкерлер өкмөттүк имаратка чабуул коюп 7 кишини өлтүрүп кеткенден кийин күчөгөн уруш уланып, үчүнчү күн катары менен абал тынчыбай турат. Индия көзөмөлдөгөн чөлкөмдүн жайкы борбору – Шринагардын жанындагы комплексте аткылашуунун жана жардыруулардын добушу угулуп жатканы кабарланууда.

Индиянын коопсуздук күчтөрү имаратта кеминде 4 куралчан согушкер калганын, бирөө кечээ атып өлтүрүлгөнүн маалымдашты. 20-февралда Индиянын башкаруусуна каршы көтөрүлгөн козголоңчулар индиялык аскерлердин кербенине ок ачып, өкмөттүк имаратка жашырынышкан. Ал жердеги 100дөн ашуун кызматкерлер эвакуацияланган. 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Индия менен Пакистан ортосунда болгон 3 согуштун экөө Кашмирден улам тутанган.

XS
SM
MD
LG