Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Турат Акимовдун иши боюнча тергөөнүн жүрүшүн акыйкатчы көзөмөлүнө алды


Акыйкатчы Кубат Оторбаев.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимовдун сабалышына иликтөө жүргүзүүнү акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Акимов башынан жараат алып, чыпалагы сынган. Журналист бүгүн маалымат жыйын куруп, кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын билдирген жана буга далилдүү фактылары бар экенин айткан. Министрлик бул айыптоону негизсиз деп атоодо.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Бирок журналист ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүнү суранууда. Бул боюнча тергөөнү президент Алмазбек Атамбаев да жеке көзөмөлүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG