Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Кашмирде согушкерлерге каршы коопсуздук операциясы аяктады


Индия менен Пакистан талашып келаткан Кашмирде коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин үч күндүк кармашы токтоду. Маалыматка караганда, кеминде 9 киши, ичинде 3 жоочу окко учту.

20-февралда куралчан согушкерлер Индия көзөмөлдөгөн чөлкөмдүн жайкы борбору – Шринагардын жака белинде индиялык аскерлердин кербенин аткылап, өкмөттүк имаратка жашырынышкан. Ал жердеги жүздөн көп кызматкер эвакуацияланган. Дүйшөмбүнүн таңында коопсуздук органдары Индиянын башкаруусуна каршы көтөрүлгөн козголоңчуларга каршы чабуул коюшкан.

Дели Пакистанды исламчыл радикал согушкерлерди колдоодо деп көптөн бери айыптап келатат. 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Индия менен Пакистан ортосунда болгон үч согуштун экөө Кашмирден улам тутанган.

XS
SM
MD
LG