Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Ооган армиясы Гилменддин эки районунан чегинди


Ооганстандын өкмөттүк армиясы Гилменд аймагынын эки районунан чегиништи. Губернатор Хан Рахими жоокерлер Муса Каладагы аскердик эки базадан жана Навзад чөлкөмүнөн кетишкенин билдирип, куралдуу күчтөр Гилменддин башка жерлерине жайгаштырыларын кошумчалады.

"Азыр биз Сангин, Маржах, Над Али чөлкөмдөрү, Кабул-Герат кан жолунун айланасындагы райондорго артыкчылык беребиз", - деди губернатор.

НАТОнун ооган баш калаасындагы миссиясынын өкүлү, америкалык полковник Майкл Лохорн ооган армиясы талип согушкерлери менен күрөштү эффективдүү кылыш үчүн аскерлерди которуу боюнча тактикалык чечим кабыл алганын билдирди. Апийим өндүрүүнүн борбору болуп эсептелген Гилменддин бир топ жерлерин согушкерлер өз көзөмөлүнө алышкан.

XS
SM
MD
LG