Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Миңдеген ооган мигранттары Грекиядан ары өтө албай калышты


Грекияда токтолуп турган ооган качкындар.
Грекияда токтолуп турган ооган качкындар.

Качкындарды Македония өткөрбөй койгондуктан Грекиянын түндүктөгү чек арасында турушат. Македония Европа биримдигине мүчө эмес. Кабарларда айтылгандай, Македония чегине жакын Идоменияда 5 миң киши турса, Пирей портуна дагы 4 миң киши келген.

Македония чек арасынан Сирия жана Ирак качкындарын гана өткөрүп, оогандыктарды Сербия өткөрбөй турганын билдирүүдө.

Европа биримдиги мигранттардын агымын чектөө боюнча чараларды кабыл алууда. Австрия өкмөтү күн сайын 80 качкындан гана арыз алуу чечимин жарыялады. Быйылкы жылдын ичинде эле Түркияга жакын грек аралдарына 100 миңдей качкын келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG