Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

АКШ-Орусия ортомчулугу астында жума аягында Сирияда ок атуу токтотулат


Сириялык эне.
Сириялык эне.

27-февралдан тарта ок атууну токтотуу планы тууралуу Вашингтон жана Москва жарыялады. 22-февралда чыккан биргелешкен билдирүүдө бул келишим "Ислам мамлекети" аталган террорчу топко, "Аль-Каида" менен байланышкан "Аль-Нусра джебхат" жана башка Бириккен Улуттар Уюму тарабынан террордук уюм деп табылган топторго тарабай турганы белгиленген. Орус президенти Владимир Путин өз кайрылуусунда буларды билдирди:

-Сирияда аскердик аракеттерди Дамаск убактысы боюнча 27-февралда түнкү саат 12ден тарта токтотуу келишими жетишилди. Ал келишим Орусия жана Америка кабыл алган билдирүүнүн бир бөлүгү. Ага ылайык 26-февралга чейин Сирияда бардык согушуп жаткан тараптар бизге же америкалыктарга келишимди аткара турганын маалымдаш керек.

Вашингтон келишимди аткарууну татаал деп, бирок бул ыңгайлуу кырдаалды пайдалануу үчүн аракет жасарын билдирди. Сирия оппозициясы ок атууну токтотуу келишимин кабыл аларын, бирок ал камалоо, жарандарга чабуулду токтотуу, туткундарды бошотуу жана гуманитардык жардамга жол ачуу шарттары менен коштолуш керектигин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG