Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Кадыров Илья Яшиндин баяндамасын мөөнөтүнөн мурда жарыялады


Орусиядагы оппозициянын өкүлү плакат кармап турат
Орусиядагы оппозициянын өкүлү плакат кармап турат

Оппозиционер Илья Яшиндин “Улуттук коопсуздукка коркунуч” деп аталган докладын Чеченстандын башчысы “ВКонтакте” социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап, аны курулай сөз деп баалаган.

Яшиндин баяндамасы Чеченстандагы кырдаалга, Кадыров бийликте турган учурдагы саясий куугунтукка арналган. Докладдын “Менчик армия” деп аталган бөлүгү дүйшөмбү күнү New Times журналына жарыяланган. Автордун белгилөөсү боюнча баяндамада мындай режимдин түптөлүүсүнө президент Путиндин кошкон салымы көрсөтүлгөн. Баяндама басма сөзгө жарыяланган маалыматтарга таянып жазылган, мындан тышкары Яшиндин кесиптештери Чеченстанга барып, маалымат чогултуп келишкен.

Баяндама өткөн жылы белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн оппозиционер Борис Немцовдун жылдыгына карата жазылган, 23-февраль күнү Москвада жарыяланмак.

XS
SM
MD
LG