Бул аймактагы Владивосток - Находка жолунда Литовка дарыясынын үстүндөгү көпүрө кыйрап, бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, көпүрө оор жүк ташуучу машине өткөндө бузула баштаган. Айдоочу жолду кыскартуу максатында эрежени бузуп, оор техникага эсептелбеген көпүрөгө машинесин салып жиберген. Азыр айдоочу кармалды.
Владивосток менен Находка ортосундагы каттам учурда айланма жол аркылуу жүрүүдө.