Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Мамлекеттик жетекчилер аймактарды кыдырышат


Бир катар министрлер жана алардын орун басарлары 24-февралдан тарта аймактарды кыдырып, кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылы аткарган иштери жана 2016-жылга койгон максаттары тууралуу маалымат беришет. Экономика министрлигинен маалымдашкандай, сапар 24-февраль күнү Баткен облусунан башталат. Анда аткаминерлер жергиликтүү бийлик ээлери жана ишкерлер менен жолугушат. 25-февралда Ош шаарында жолугушуулар болот. Андан кийин Алай районуна барышат. 27-февралдан тарта Жалал-Абад облусун кыдырышмакчы. 2-мартта Тогуз-Торо районуна сапар болот да, ал жерде жергиликтүү активдер жана ишкерлер менен жолугушкан соң мамлекеттик жетекчилер Нарын облусуна жөнөп кетишет.

Маалымат берүү сапарына экономика министри Арзыбек Кожошев, финансы министри Адылбек Касымалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, билим жана илим министри Эльвира Сариева жана башка министрлердин орун басарлары, статс-катчылары барат. Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фондунун, Салык кызматынын, Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жетекчилери, Мамлекеттик ипотека компаниясынын, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана "Айыл банк" менен РСК банктын жооптуу кызматкерлери кошулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG