Экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган биринчи топ 24-февралдан тарта Баткен облусун кыдырып, өкмөт аткарган иштер тууралуу маалымат берет. Андан кийин алар Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Арзыбек Кожошев баш болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү активдер менен катар ишкерлер менен да жолугушат. (AiT)