Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Казакстан Египет менен аба каттамын калыбына келтирет


Казакстандын жарандык авиация комитети Египет менен авиабайланыш март айынан тарта кайра жанданарын билдирди. Бүгүн таратылган маалыматка караганда, Алматы менен Шарм-эл-Шейх ортосундагы каттамды Казакстандын SCAT авиа компаниясы ишке ашырат. Мындан тышкары Fly Egypt компаниясы да марттан тарта Казакстанга жумасына эки каттам жасап турат.

Казакстан менен Египет ортосундагы авиабайланыш былтыр 31-октябрда Синай жарым аралынын үстүндө Орусиянын «Когалымавиа» компаниясына таандык учак кыйроого кабылган соң үзүлгөн эле. Бул кырсыктан учактын ичиндеги 224 адамдын бири да тирүү калган эмес.

Орусия бийлиги учак кыйрашына анын ичине коюлган бомба жарылуусу себеп болгонун билдирип, муну теракт деп баалаган.

XS
SM
MD
LG