Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Талибдер Кабул менен келишүү шарты өзгөрбөгөнүн айтты


Мухаммед Наим, "Талибандын" Катардагы кеңсесинин маалымат катчысы.
Мухаммед Наим, "Талибандын" Катардагы кеңсесинин маалымат катчысы.

"Талибан" кыймылы ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүү баштоодон мурда АКШ баштаган бардык чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгууга тийиш деп эсептейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн "Талибан" кыймылынын Катарда жайгашкан кеңсесинин маалымат катчысы Мухаммед Наим билдирди.

Кечээ Кабулга чогулган Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ өкүлдөрүнөн турган топ ооган өкмөтү менен талибдердин бетме-бет сүйлөшүүсү марттын алгачкы аптасында Исламабадда өтүшү күтүлүп жатканын билдирген.

Бирок Мухаммед Наим "Талибандын" Катардагы кеңсеси бул сүйлөшүүдөн кабарсыз экенин жана Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу шарты өзгөрбөгөнүн кабарлады. Анын айтымында, "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Ооганстанда чет элдик баскынчылык токтоп, ислам бийлиги орногон жагдайда гана барат.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы былтыр 7-июлда Пакистанда өткөн эле. Бирок андан көп узабай "Талибан" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң сүйлөшүү үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG