Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Сейитказы Матаев үй камагына чыгарылды


Сейитказы Матаев
Сейитказы Матаев

Алматынын Медеу райондук соту бүгүн Казакстан журналисттер союзунун төрагасы, Улуттук басма сөз клубунун жетекчиси Сейитказы Матаевдин баш коргоо чарасы боюнча маселени карап, аны үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү сотко тергөөчүлөр келтирген эле. Жактоочулардын аны күрөөгө бошотуу өтүнүчү четке кагылды.

Коррупцияга каршы кызмат бюджеттик каражатты кымырып алууга жана салык төлөөдөн качууга шектелген Сейитказы Матаевди 22-февралда кармаган. Аны менен кошо "КазТАГ" агенттигин жетектеген уулу Асет Матаев да кармалып, ошол эле күнү бошотулган. Ал Антикоррупциялык кызмат бир канча саат суракка алганын айтып, бул ишти саясий себептер менен байланыштырган.

Казакстандагы "Адил сөз" медиа уюму Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган Улуттук пресс-клубдун ишин токтотуу, “КазТАГ” жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» сыяктуу максаттар турарын билдирген.

XS
SM
MD
LG