Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Баткенде жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, силкинүү 24-февралда, саат 17:38де болгон. Силкинүүнүн очогу Кадамжай районундагы Таш-Кыя айлынан 10 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан 50 чакырым аралыкта болуп, күчү 3 баллды түзгөн. Таш-Кыя айлында 2,5 балл, Кадамжай районунун борборунда 2 балл болгон.

Февраль айында эле Кыргызстандын түштүгүндө 3-4 жолу жер титиреди. Силкинүүнүн күчү негизинен 3-4 баллдын айланасында болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG