Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Эне-баланын набыт болушу жогору бойдон калууда


Өткөн жылы Кыргызстанда 63, ал эми 2014-жылы 80 аял төрөт учурунда набыт болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева парламентте маалымат берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, энелердин набыт болушу Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп катталууда. Буга ички жана тышкы миграция, витаминдүү тамак-аштарды жебегендик, аз кандуулук себеп болуп жатат:

-Энелердин өлүмү негизинен кан көп кетип жаткандыгынан улам болууда. 2009-жылы 102 аял төрөт учурунда жарык дүйнө менен кош айтышса, былтыр 63 аял төрөттөн өлгөн,- деп айтты Кудайбердиева.

Эне менен баланын өлүмүн азайтуу үчүн Кыргызстанда эл аралык уюмдардын жардамы менен жаңы перинаталдык борбор куруларын Гүлмира Кудайбердиева кошумчалады.

Ал эми ымыркайлардын чарчап калуусу азаюунун үстүндө. Вице-премьер-министрдин айтуусунда, 2008-жылы миң баланын отузу чарчап калса, 2015-жылы миң ымыркайдын 17си чарчап калган. Ымыркайлардын чарчап калышына 1-орунда перинаталдык оорулар себеп болууда, деп белгиледи Гүлмира Кудайбердиева.(ZKo)

XS
SM
MD
LG