Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:56

НАТО Эгей деңизин көзөмөлдөө планын макулдашты


Качкындар менен мигранттар Түркиядан Грецияга Эгей деңизи аркылуу каттоону кыш мезгилинде да токтоткон жок. 17-февраль, 2016-жыл.
Качкындар менен мигранттар Түркиядан Грецияга Эгей деңизи аркылуу каттоону кыш мезгилинде да токтоткон жок. 17-февраль, 2016-жыл.

Ал планга ылайык Түркия менен Грецияга Эгей деңизи аркылуу мигранттарды Евробиримдикке мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүлөт.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги кечээ түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргендей, Түркия менен Греция бири-биринин аймактык сууларына же аба мейкиндигине кире албайт. Ал эми НАТОнун кемелери Грециянын да, Түркиянын да аймактык сууларында аракеттенмекчи.

Столтенберг ошондой эле НАТОго эгер Эгей деңизинен мигранттарды куткарууга туура келсе, алар Түркияга кайтарыларын кошумчалады.

НАТОнун коргоо министрлери Эгей деңизине кемелерди жайгаштырууну алгач 11-февралда макулдашкан эле. Андан бери грек тарап Түркияны бул операцияга тоскоолдук кылууга аракеттенип жатканы үчүн айыптаган. НАТОго мүчө бул эки коңшунун мамилеси анчалык жакшы эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG