Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Сариев: ЕАЭБ менен кризисти алмаштырбагыла


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Премьер-министр Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү менен Орусия, Казакстандагы кризисти байланыштыргандар жаңылышат деп эсептейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кыргызстанда ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди:

-Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү менен Орусия, Казакстандагы кризистин эпкинин байланыштырууга болбойт. Тескерисинче буларды бөлүү керек. Бардык эле жаңы түзүлгөн уюмдар башында кыйынчылык тартат. Кыргызстан ЕАЭБге кирбей калганда кандай кыйынчылыкты башыбыздан кечирмекпиз, азыр муну айтуу кыйын. Биз жап-жалгыз жана туңгуюкта калмакпыз. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү тууралуу чечими – туура, стратегиялык чечим болгон.

Өкмөт башчы Темир Сариев өткөн жылы кыргыз экономикасында жакшы жылыштар болгонун белгилеп, бирок 2016-жылы андай натыйжа күтүлбөй жатканын, быйылкы алгачкы кварталда эле ИДПнын төмөндөөсү байкалганын айтты. Бирок экинчи кварталдан тартып өсүү болот, экономиканын жылдык көрсөткүчү 5,2% өсөт, деди Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өткөрүп, ишкерлер менен антикризистик программаны талкуулады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG