Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Johnson & Johnson компаниясы 72 млн. доллардык доого жыгылды


Америка Кошмо Штаттарынын атактуу Johnson & Johnson компаниясы чыгарган продукциясы ракты козгойт деген айып тагылып, 72 миллион доллардык доого жыгылды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

АКШнын Миссури штатындагы Жаклин Фокс аттуу аял ондогон жылдар бою аталган компания ымыркайлар үчүн чыгарган упа менен суюк самын колдонуп жүрүп, жатын моюнчасынын рагына чалдыгып каза тапкан. Анын үй-бүлөсү Johnson & Johnson'ду сотко берип жеңип чыкты.

Бул арыздан улам толук изилдөө жасалып, АКШда миңдей киши Johnson & Johnson компаниясынын товарын колдонгондон ар кандай залалдуу шишиктерге чалдыкканы аныкталды. (BCh)

XS
SM
MD
LG