Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Токтогулдуктар алтын кен боюнча бийликке 5-мартка чейин мөөнөт беришти


Токтогулдагы нааразылык. 25-февраль, 2016-жыл.
Токтогулдагы нааразылык. 25-февраль, 2016-жыл.

Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочулары бүгүн айылдын борборуна чогулуп, Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдиришти. Айылдык кеңештин депутаты Миргазы Өзүбеков Узун-Акмат-1 дарыясынын жээгиндеги Корейс участогунан казылуучу алтын кен менен бирге урандын запасы жатканын "Азаттыкка" айтты:

- Кен ишке түшсө уран калдыктары ачылып, айылдын тургундарынын өмүрү коркунучта калат. Өткөн жумада компаниянын техникаларын өткөрбөй артка кайтардык.

Жергиликтүүлөр Узун-Акмат кени казылышына экологиялык жүйөдөн улам каршы болуп жатышат. Анткени кенде алтын менен бирге урандын да кору бар.

Райондун акими Майорбек Сатымкулов “Азаттыкка” бүгүнкү митингге 300дөй киши катышканын, учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Токтогул районундагы Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясы 2009-жылы уруксат алган. Бирок лицензия кийин башка компанияга өткөн.

Токтогулдуктар бийликке мөөнөт койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

Уюштуруучулардын баамында, нааразычылык акцияга 1500 киши чогулду. Митингдин соңунда чогулгандар 5-март күнү өкмөт мүчөлөрү келип, эл менен жолугушуусун талап кылып тарап кетишти. (RsK)

XS
SM
MD
LG