“Кыргызалтын” акционердик коомунан маалымдашкандай, “Центерранын” директорлор кеңешине талапкерлик үчүн сынакка 46 киши катышты. Экинчи айлампага чыккан 16 кишинин ичинен директорлор кеңешине мүчөлүккө үч талапкер: Эдуард Кубатов, Нурлан Кыштобаев тандалып алынды. Булардын тышкары "Кыргызалтын" ААК жетекчисинин каржылык маселелер боюнча орунбасары Бектур Сагынов да кеңешке мүчөлүккө сунушталмакчы.
Булардын талапкерлиги эми эреже боюнча “Центерра” компаниясынын кароосуна жиберилет. Ички мыйзамдык жөрөлгөлөрдөн соң “Центерра Голд” компаниясынын быйыл апрелге белгиленген акционерлер жыйынында бекитүүсү күтүлүүдө.
“Центерра голд” компаниясынын Директорлор кеӊешиндеги “Кыргызалтын” сунуштаган мүчөлөрү Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө буга чейин эле арыз беришкен. Алар кыргыз тараптын таламын талашкан мүчөсү катары өздөрүнө тагылган милдеттерди толук аткара албаганы айтылган. Кийинки жылдары “Центерранын” директорлор кеңешине "Кыргызалтындын" атынан Кылычбек Шакиров мүчө болуп келди.(ZKo)