Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Кара май баасы бир аз көтөрүлдү


Перси булуңундагы мунай платформа.
Перси булуңундагы мунай платформа.

Баа бул ирет мунай өндүрүүчүлөрдүн эң ирилери: Сауд Арабия менен Орусия өндүрүш көлөмүн көбөйтпөөнү кайрадан келерки айда талкуулай турганын Венесуэла жарыялаган соң 2% жогорулады.

Орусия жана кара май өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюмунун мүчөлөрү: Сауд Арабия, Венесуэла, Катар өткөн аптада өндүрүш көлөмүн быйыл январдагы деңгээлден ашырбоо боюнча баштапкы макулдашууга жетишкен эле.

Бирок ОПЕКке мүчө жана өткөн айда эле эл аралык санкциялардан кутулган Иран тескерисинче өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатканын айтып чыккан.

2011-жылы Иран күнүнө 3,6 миллион баррель кара май өндүрүп, анын 2,5 миллион баррелин экспортко чыгаруу менен ОПЕКте экинчи орунда турчу. 2012-жылкы санкциялардан кийин өндүрүш көлөмү 2,7 миллион баррелге же соңку 25 жылдагы эң төмөн көрсөткүчкө түшүп кеткен.

Азыр дүйнөлүк биржаларда кара майдын бир баррели түрүнө жараша 33-35 доллардан сатылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG