Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Украинада улутчул партия орус унааларынын жолун кайра торой баштады


Орусия-Украина чек арасынан тосулган орус унаалары. 15-февраль, 2016-жыл.
Орусия-Украина чек арасынан тосулган орус унаалары. 15-февраль, 2016-жыл.

“Эркиндик” партиясынын лидери Олег Тягнибок өзүнүн Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу жарыялагандай, алардын мүчөлөрү орус унааларынын жолун бүгүнтөн тарта кайра торой баштады.

Украиналык улутчул активисттер Орусиянын жүк тарткан унааларын чек арадан өткөрбөө акциясына ушул айдын башында киришкен. Буга орус тарап 14-февралда украин унааларынын Орусия аймагы аркылуу катташына тыюу салуу менен жооп берген.

Бирок эки күндөн кийин 16-февралда Москва менен Киев эки тараптан тең унааларды коё берүүнү макулдашкан эле.

Украинанын Закарпатье облусунда камалып калган орусиялык жүк тарткан унаалар 19-феврадан тарта жолго чыга баштаган.

“Эркиндик” партиясынын лидери Олег Тягнибок Фейсбуктагы баракчасында Орусия менен макулдашууга барган украиналык бийлик өкүлдөрүн “саткынчылар” деп атап, “бизнес кызыкчылыктан улуттук кызыкчылык өйдө туруусу” керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG