Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Грузияда оппозициячыл партиянын лидери ок жеди


Алекси Петриашвили
Алекси Петриашвили

Алекси Петриашвили бүгүн Тбилисидеги көрүстөнгө барган учурда аны белгисиз адамдар сабап, эки бутуна ок жеген.

Грузин ички иштер министрлиги саясатчы ушул тапта ооруканада абалы “стабилдүү жана канааттандырарлык” экенин билдирет. Кол салуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

45 жаштагы Петриашвили оппозициячыл маанайдагы “Эркин демократтар” партиясынын лидерлеринин бири, 2012-2014-жылдары Европа жана Евро-атлантикалык интеграция боюнча министрдин кызматын аркалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG