Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Зордуктап, тоногон мигранттар көбөйдү


Сүрөттүн окуяларга тиешеси жок
Сүрөттүн окуяларга тиешеси жок

Акыркы убактарда Орусияда кылмыш кылган кыргызстандыктар тууралуу байма-бай кабарланууда. Алардын арасында адам өлтүрүү, адам уурдоо жана зордуктоо беренелери менен айыпталгандар да бар.

Жакында эле беш кыргызстандык Москвада бир аялды зордуктады деген шек менен кармалды. Анын алдында эле Ивантеевка шаарында өз мекендешин бычактап өлтүргөн жигит камакка алынган.

Эмне себептен Орусиядагы мигранттар арасында кылмыштуулук көбөйүүдө? "Азаттыктын" талкуусуна Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев, Москвада кылмышка шектелип кармалгандарга котормочу болуп иштеген Жамал Сабаева жана Москвада ашпозчу болуп иштеген Тариел Алыпсатаров катышты.

"Азаттык": ​Аскат мырза, акыркы кылмыш фактылары боюнча сизде расмий статистика барбы? Болсо көбүнчө кандай кылмыштар менен түшүп жатышат?

Алиев: Азыр ММКларда Орусияда болгон кылмыштар көбүрөөк чыгууда. Ошон үчүн эл көбүрөөк көңүл бурууда. Ал эми статистикага карасак, 2015-жылы 2014-жылга караганда кылмыш 129 фактыга көп катталды. 2014-жылдагы статистика боюнча, Орусияда кылмыш жасаган кыргызстандыктар КМШ мамлекеттеринин ичинен 5-орунда турат экен.

"Азаттык": Жамал айым, сиз кармалгандар менен тыгыз иштешесиз. Бөтөн өлкөнүн тартип сакчыларынын колуна түшкөндөн кийин кармалгандардын тилин түшүнгөн жалгыз сиз болсоңуз керек. Алар сизге сырын жашырбастыр, жекеме-жеке сүйлөшкөндө эмнелерди айтышат? Аларды кылмышка түрткөн жагдайлар кайсылар?

Сабаева: Көпчүлүк мигранттарыбыздын кылмышка барган себеби - ичкилик. Экинчиден, "кара тизмеге" түшүп калышып, андан чыгалбай, документтерин жасай алышпай кыйналат. Эгер мыйзам талап кылган документтердин баары бар болсо ал адамдын кайда гана болбосун сөзү өтөт, иши да жүрүшөт. Көбүнчө ушул да себеп болуп калууда.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Ар бир экинчи кыргыз жаранынын аты-жөнүн тактай келгенде 9-11-классты, кээ бири 8-классты бүтүп келгендер болуп чыгууда.

Азыр эле бир соттон келдим. 33 жаштагы, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, автосалондо иштеген бир кыргызстандык жигит уурулукка шектелип камалды. Ал көчөдө баратып эле бир москвалыктын үйүнүн балконунан эмерегин уурдайм дептир. Эмнеге бул кылмышка барганын сурасам, "эки бөтөлкө пиво ичтим эле, анан чогуу жашаган досум телевизор койгонго үстөл керек дегенинен ушуну ала кетейин деп көз салып жүрдүм эле" дейт. Ал жигит Кыргызстанга кетейин деп жаткан экен, акчасы деле бар экен. Ошентип, кетер убакта камалып отурат.

"Азаттык": ​Баарыбызга маалым, орус акчасынын куну, мекендештер айлыгынын берекеси кетти. Бул алардын эмоционалдык абалына кандай таасир тийгизет? Жаңжалга ушул себеп болушу мүмкүнбү?

Сабаева: Кризистин, каражат тартыштыгынын айынан уруш-жаңжалдар чыкпай койбойт. Жумуш таба албай кыйналгандар көп. Азыр ар бир квартиралардан ишсиз отурган кыргыздарды кездештирип калдык.

Алиев: Ооба, акчанын берекеси кетти. Мисалы, мурда бир киши 30 миң рубль тапса, миң доллардай акча болчу. Анын жарымын Кыргызстанга салса, өзүндө жарымы калчу. Азыр 15 миң рубль эки жүз долларга да жетпей атпайбы. Ал эми жашоо кымбаттады. Бул да чыр-чатакка себеп болчу көрүнүш.

Түз линк

"Азаттык": Тариел мырза, сиз үчүн азыр көчөгө чыгуу опурталдуу эмеспи? Өз мекендештерибизден корко турган жагдай жаралып калдыбы?

Алыпсатаров: Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери жердештер көбөйдү. Коркуу сезими деле жок. Тескерисинче, мен буга кубанам. Ооба, акыркы күндөрү зордуктоо, тоноо менен кыргыздар көп эле кармалып атат. Бирок алар алданып калышы мүмкүн. Алардын баары ошол кылмышты жасаган дегенге ишенбейм. Себеби, акыркы күндөрү динге, спортко оогон жаштар көбөйдү. Мисалы, мен деле башкаларчылап биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин тыным жок машыгам.

"Азаттык": ​Балким ошол машыккан жигиттер күчүн көрсөткүсү келип жаткандыр?

Москвада кыргыздардын түнкү клубдары, түнү иштеген кафелери бар. Ошолорду жакшы көзөмөлдөш керек. Себеби, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан балдар да ошол жерде болушат.

Алыпсатаров: Жок. Интернетте, социалдык сайттарда көпчүлүк кылмыштарды спорт менен машыккандарга шылташууда. Албетте, ар кимдин ою ар кандай. Бирок спортчулар андай жолго барышпайт.

Алиев: Орусияда бизди сүйүндүрүп, жакшы ийгиликтерге жеткен спортчулар көп чыгууда. Бирок ошолордун арасына кирип, мурда соттолуп чыккан, уюшкан кылмыш топтору менен жүргөндөр спортчуларды бузуп жатышат. Мен эскертип кетейин, жеңил акча жакшы жакка алып барбайт, адашпагыла. Тонолгондордун да көз жашы бар. Эч кимиси жазасыз калышпайт.

"Азаттык": ​Аскат мырза, сиз буга чейинки маектериңизде Москвада кыргызстандык кылмыш топтору тирешип жатканын айттыңыз эле. Албетте, алар тирешеби-тирешпейби ошол жакта болгондун өзү эле карапайым мигранттарга тиет. Ошолорду жоюу, таасирин жоготуу боюнча кандай чара көрүп атасыздар?

Алиев: 2014-жылдын ноябрынан бери иштей баштадык. Ошондо кыргыз жарандарын опузалаган, ар жакка алып барып коркуткан топтор бар эле. Биз аларды кыйла эле токтоттук. Бирок түп-тамырынан бери жогото албасак да азайттык. Азыр адам уурдоо, опузалоо, адам өлтүрүү боюнча ондон ашык кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармадык.

Түз линк

"Азаттык": ​Кылмыштуулукту тыюу, азайтуу, алдын алуу боюнча кандай сунуштарды айтар элеңиз?

Алыпсатаров: Москвада кыргыздардын түнкү клубдары, түнү иштеген кафелери бар. Ошолорду жакшы көзөмөлдөш керек. Себеби, ар жума-ишемби күндөрү эс алганды жакшы көрөбүз. Ал жерде ичишет, ойноп-бийлеп чер жазышат. Кылмыш дүйнөсүнө аралашкан балдар да ошол жерде болушат. Ошол жерден бирөөлөрдү өлтүргөн окуяларды уккам. Тоноп, уруп кетишкенин өзүм көрүп жүрөм. Кыргыз милициясы ошону көзөмөлдөшү керек. Мен кыргыздарга "ынтымакка келели, Москвага кандай ниет менен келсек, ошол ниет менен иштеп, аман-эсен кетели" дейт элем.

Сабаева: Азыр Орусияда жогорку билим, квалификация абдан баа болуп жатат. Колдон келишинче билим алып келишсе дээр элем. Ошондо кылмыштар аз болот эле. Билимдүү киши мындай жорукка барбайт деп ойлойм. Анан да жаштарыбыз ыймандуу болушса.

Алиев: Кылмыш кылып колго түшүп, кеч болуп калгандан кийин өкүнүп, эзели эстебеген апасын, бир туугандарын эстеп, "бир эле мүмкүнчүлүк берип койгула, Кыргызстанга кетет элем" деп жалдырап, ыйлашат. Бир нерсени жасардын алдында кесепетин ойлонушса.

Анан кыздарды уруп, видеого тартып, социалдык тармактарга таратып, өзүн "патриот" атагандар бар. Алар эч кандай патриот эмес! Ошолор видеого тарткан соң зордуктап кеткен фактылар бар, жылаңачтап алып кордоп жатканы тасмадан көрүнүп турат. Ошол видеону социалдык тармактарга чыгарбайбыз, акча бер деп талап кылгандар да бар экен. Ошол жабыркаган кыздар белгисиз калышууда. Анткени кайрылышпайт. Бизге кыздар кайрылышсын, алар аркылуу балдарды табабыз, жазасын беребиз. Өткөн жылы бир кыз кайрылды эле кордогон баланы кармап, азыр ал соттолууда.

XS
SM
MD
LG