Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Бүгүн Бишкектин мэрин шайлоо болот


Албек Ибраимов ортодо
Албек Ибраимов ортодо

Мэрликке жалгыз талапкер көрсөтүлгөн. Ал - КСДПнын талапкери Албек Ибраимов. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 30 депутаттан кем эмеси шайлоого катышуусу керек. 23 добуштан жогору добуш менен мэр шайланат.

Коалициядагы үч фракция Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдогон. Ал эми оппозициялык “Республика” фракциясы өз талапкерин көрсөткөн жок. Интернетте социалдык тармактарда Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдобоо тууралуу кайрылуулар чыгып, жарандык активисттер жалгыз талапкердин көрсөтүлүшүн сындашууда.

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн үй-бүлөлүк шартка байланыштырган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG