Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Хашим Тачи Косовонун президенти болуп шайлады


Хашим Тачи
Хашим Тачи

Оппозициянын нааразылыгына карабай Косово парламенти тышкы иштер министри, өзүн Демократиялык партиянын лидеримин деп жарыялаган Хашим Тачини президенттикке шайлады. Шайлоо үч тур менен өтүп, аны 71 депутат колдоду. Экинчи талапкер, Хашимдин партиялашы Тачи Рафет Рама болгону эки добуш алды.

Шайлоодон кийинки сүйлөгөн сөзүндө Тачи жалпы Косово калкына кызмат кылууга даяр экенин билдирди.

- Мен Конституцияны сактап жана жаңы европалык Косовону түзүү үчүн иштейм. Косово Европа Биримдигинин жана НАТОнун бир бөлүгү болот.

Хашим Тачи 1998-1999-жылдары Сербиядан бөлүнүү үчүн согушта косоволук партизандардын башында тургандардын бири. Ал өзү да 120 орундуу парламенттен жетиштүү добуш алам деген ишенимде турган.

Тачи Сербиядан бөлүнүп, эгемендик алгандан кийинки Косовонун төртүнчү президенти болуп калды. Ал 7-апрелде ант берет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG