Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Ооганстанда жанкечти чабуулунан 10 киши өлүмгө учурады


Жергиликтүү бийликтин кабарлашынча, жардыруу Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Кунар провинциясында бүгүн эртең менен болгон.

"Маалыматка караганда, жанкечти Асадабад шаардык администрациясынын имартына мотоцикл менен келген. Анда кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылды", - деп жазат Рейтер агенттиги.

Жараат алган 40тай кишинин басымдуу бөлүгү жардыруу болгон жерден алыс эмес жерде ойноп жаткан балдар жана өтүп бараткан жайкын тургундар болгон. Азырынча эч бир уюм жардырууга жоопкерчилик ала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG