Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бишкекте көчө автожарышына каршылар митингге чыкты

Автожарышка каршылар
Автожарышка каршылар

Бүгүн Бишкектин жогору жагында, Түштүк магистраль жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишине 50 чакты жарандык активисттер көчө автожарышына каршы пикирин билдирип митингге чыгышты.

Алар маал-маалы менен уюштурулган автожарыш жашоочулардын тынчын алып жатканын белгилешти. Колдоруна “Шаар автожарышка каршы”, “Биз шаардыктардын коопсуздугу үчүн”, “Түштүк магистраль – кандуу жол” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары өткөн айда кырсыктан бир киши каза болгонун, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү Бишкек мэриясынан өтүнүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG