Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган имамдардын илим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинарга облустан 100гө жакын дин кызматкери катышып, анын ичинен 96 имам атайын сертификатка ээ болгон. Бүгүнкү күндө “Ыйман” фондунан облустагы 40ка чукул имам стипендия алат.
Маалыматка ылайык, облустун аймагындагы 147 мечитте 125 имам эмгектенет. Алардын тогузу жогорку билимдүү, 17 имам диний медресени бүтүргөн. Ал эми имамдык курстардан окугандар 95 болсо өз алдынча окугандар төрт имам окуп жатат.
"Ыйман" фонду 2014-жылдын башында президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюшулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия берилмей болгон. (MiK/КЕ)