Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Орусияда көмүр шахтасында кырсык 36 адамдын өмүрүн алды


"Северная" көмүр кениндеги кырсык, 28-февраль, 2016-жыл.
"Северная" көмүр кениндеги кырсык, 28-февраль, 2016-жыл.

Орусиянын Коми республикасында көмүр шахтасында набыт болгон 36 адамдын тизмеси жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 25-февралда шахтадагы жарылуудан 30 адам мерт кеткен, 28-февралда дагы жарылуу болуп, 5 куткаруучу жана 1 жумушчу набыт болду.

Жекшемби күнү орус өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Воркутада көмүр кениндеги коопсуздукту камсыз кылууга жылына 1,5 миллиард рубл бөлүнөрүн, бирок бул сумма аз экенин турмуш көрсөтүп жатканын айтты:

- Андыктан бул окуяга эмне себеп болгонун келечекте кырсыктарды болтурбоо үчүн түшүнүү баарыбызга маанилүү болуп жатат.

Воркутада набыт кеткен маркумдардын жакындары кырсыкты алдын алуу мүмкүн болгонун, бирок шахтанын жетекчилиги ишти токтото турууга уруксат бербей коюп, жыйынтыгы ушундай окуяга алып келгенин айтууда. Бирок "Воркутауголь" компаниясы бул айыптоону негизсиз деп атоодо.

Ал эми Ростехнадзор мекемеси аварияга табигый шарттар себеп болгонун билдирди.

Шахтадагы кырсыкка байланыштуу Коми республикасында 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG