Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Укук коргоочулар “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам демилгечилерин сотко берет


Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын демилгечилерин сотко берүү аракети башталды.

-Биз сөзсүз түрдө жыйынтыктап, үч экс-депутатты сотко беребиз. Азыр юристтер иштеп жатат. Анткени алардын ушунчалык басмырлап, жүдөтүп, психологиялык чабуул кылганы жарандык коом үчүн сабак болду.

Ушул тапта парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча коомдук угуу өткөрүүдө. Ага депутаттар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары таануу боюнча мыйзам долбоору буга чейин парламент комитетинде каралган. Сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды "агент" катары таануу тууралуу мыйзам долбоору кайрадан талкуу жаратууда.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштан бери каралып келаткан мыйзам долбоорунун авторлору - Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG