Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Меркел миграция кризисинде биримдикке чакырды


Греция-Македония чек арасындагы сириялык жана ирактык качкындар. 28-февраль, 2016-жыл.
Греция-Македония чек арасындагы сириялык жана ирактык качкындар. 28-февраль, 2016-жыл.

Немис канцлери Ангела Меркел ARD телеканалына курган маегинде белгилегендей, эгер Евробиримдиктин лидерлери Түркия менен Сирия, Ирак, Ооганстан жана башка жактардан келген качкындардын Европаны көздөй агымын кантип токтотуу маселесин Түркия менен макулдаша албаса, мындан башка план жок. Андыктан алар орток чечим табуу үчүн Европанын лидерлерин биримдикке чакырды.

Ангела Меркел белгилегендей, Европа Грецияга өз чек араларын жаап, “хаос” жаратышына жол бере албайт. Ал азыркы учурду Европанын тарыхы үчүн маанилүү баскыч деп атады.

Европанын жана Түркиянын лидерлери былтыр Европага бир миллиондон ашуун, быйыл толук эмес эки айда 100 миңден ашуун качкын жана мигрант алып келген кризисти жөнгөрүү маселесин 7-мартта кайрадан талкуулаган жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG