Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Жасалма паспорт менен Бангладеш жараны кармалды


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 28-февралда эл аралык “Манас” аба майданынан Бангладештин жараны кармалды. Кармалган жаран 27-февралда Бишкектен Стамбулга Бангладештин паспорту менен учуп кеткен. Бирок Түркияга барганда Кыргызстан жаранынын атына жазылган жасалма паспорт көрсөткөн. Натыйжада Түркиядан Кыргызстанга кайтарылган.

Ушул эле күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол-автоунаа” өткөрмө бекетинен башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды.

Эки учур боюнча керектүү документтер толтурулуп, УКМКга өткөрүлүп берилди. Тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG