Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

Нарындыктар жөлөкпул маселесин көтөрдү


Нарындагы 27-январдагы жыйын, 2016-жыл.
Нарындагы 27-январдагы жыйын, 2016-жыл.

Бүгүн Нарын облустук драма театрында 27-январдагы митингде айтылган талаптардын аткарылышы боюнча жыйын болду. Ага өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов катышып, айтылган талаптар боюнча өкмөттүн жообун окуп берди.

Январдагы митингге чогулгандар бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктер алынбасын, турак жай менен унааны мамлекеттик мекемелер камсыздандырсын жана электр энергиясына болгон баа кымбаттабасын деген сыяктуу бийликке 5 талаптан турган кайрылуу жолдошкон. Кайыпов электр энергиясына болгон баа жана чектөөлөр өзгөртүүсүз калганын элге түшүндүрүп берди.

Жыйынга келген 200дөн ашуун киши жарыкка жана жөлөкпулга байланыштуу социалдык көйгөйлөрүн айтышты. Өкмөттүн өкүлү айтылган маселелерди дарегине жеткирерин убада кылды. (MiK/KE)

XS
SM
MD
LG