Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Талас: Казакстан дыйкандардын картошкасын өткөрбөй жатат


Бир нече күндөн бери чек арада түнөп, өтө албай турушкан таластык дыйкандар бүгүн облустук акимчиликтин алдына келишти. Алар фито-санитардык лабораториялык пунктту кыргыз-казак чек арасынын жанына орнотууну талап кылышууда.

Дыйкандардын айтуусунда, казакстандык фито-санитардык кызматтын өкүлдөрү чек арадан өтүп жаткан картошканын 6-7 даанасын алып текшерип, топурактан курт таап алган. Ошондон бери картошканы өткөрүүнү токтотушту.

Өзүн Ислам деп тааныштырган чарбакер лабораториялык кагаздын жоктугунан ар бир тосмого 200дөн 5000 теңгеге чейин берип, жалпысынан 20-25 миң теңге берип картошка алып өтөрүн “Азаттыкка” билдирди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Дайыр Кенекеев бүгүн Жамбыл облусунун акимдери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, картошка сатуучулар койгон кинелерди териштирүүгө казак тарап менен жолугушуу жакынкы күндөрү болорун “Азаттыкка” билдирди.

Облустук акимчиликтин маалыматына караганда, акыркы эки айда Талас-Тараз чек арасындагы өтмөктөн 30 миң тоннадан ашык картошка Казакстанга кирген. (SS)

XS
SM
MD
LG