Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Иракта жанкечтинин жардыруусунан кеминде 20 адам өлдү


Жардырууда жакынынан айрылган аял, Багдад, 29-февраль, 2016-жыл.
Жардырууда жакынынан айрылган аял, Багдад, 29-февраль, 2016-жыл.

Кандуу окуя өлкөнүн чыгышындагы Дияла провинциясында болду. Жанкечти шиит мусулмандардын маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда өзүн жардырып, 20 адам өлгөндөн тышкары 40тан ашуун киши жаракат алды.

Жардыруу учурунда шииттердин жергиликтүү кошуунунун кол башчысы да мерт болгон. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Мунун алдында кечээ Багдаддын шииттер жашаган Садр районунда базардагы кош жарылуудан 73 кишинин өмүрү кыйылып, 110дон ашуун адам жаракат алган.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террордук тобу алды. (UE)

XS
SM
MD
LG