Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Акыйкатчыны шайлоо жараяны боюнча сот уланат


Укук коргоочу Рита Карасартова.
Укук коргоочу Рита Карасартова.

Бүгүн Бишкектин район аралык сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын арызы боюнча сот уланат. Ал акыйкатчыны шайлоо жараяны мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып арызданган. Өткөн отурумдар Жогорку Кеңештин өкүлү келбей жатканына байланыштуу болбой келген. Муну Карасартова добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды элдин эсинен чыгарып, унуттуруу аракети деп атаган.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда акыйкатчыны парламент шайлайт. Жаңы жыл алдында өткөн кезектеги шайлоонун жыйынтыгы менен бул кызматка бийликчил партиялар көрсөткөн Кубат Оторбаев келген. Бирок жабык добуш берүү эрежеси бузулганына арызданып, талапкерлердин бири Рита Карасартова сотко кайрылган.

Өткөн отурумга парламент өкүлү ооруп жатканы тууралуу расмий аныктамасын жөнөтүп, келген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG