Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Аба ырайы: 2-мартта жаан жаайт


Кыш чыгарда күндүн ысып кетишинен улам марттын башында аба ырайы салкындайт. 2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге чейин жетиши мүмкүн.

2016-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4-чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) авто унаа жолдорун кар көчкү басып калышы ыктымал, жолдор тайгак болот, түнкүсүн муз тоңот. Тоо жолдорундагы унаалар ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек, кыймыл чектелиши зарыл.

2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус жылуу, күндүз 18…23 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -7…-12 градус суук, ал эми күндүз 3…8 градус жылуу.

2-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 12…14 градус жылуу болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG