Донбасста согуш башталгандан бери 2600дөн ашуун аскер кызматкери мерт кетип, тогуз миңден көп жоокер түрдүү деңгээлде жараат алышты. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Өлкө чыгышында тынчтык орнотуу боюнча Минск келишиминин аткарылышына байланыштуу дүйшөмбүдө кечинде жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, соңку эки айда орусиячыл жикчилдер 2500дөн ашуун ок атты. Анын кесепетинен 12 аскер набыт болуп, 150дөн көбү жараат алды.
Киев орусиялык офицерлер аймакта аскер курап алганын сындады. Маалыматта айтылгандай, орусиялык аскерлерде 470 танк, 870 бронетранспортер жана башка куралдар бар. Украин тарап Орусия “тыюу салынган куралдарды – кассеталык ракеталар менен мина” колдонуп жатканын да белгилейт.
Украинанын чыгышындагы согуш 2014-жылдын жазынан бери уланууда. Киев жана Батыш мамлекеттери калабаны Кремль тутантып атат деп, Москваны күнөөлөп келет. Орус тарап буга тиешеси жок экенин белгилейт. (SE)